Кечээ кечинде Ирактын Мосул шаарында болгон жардыруудан кеминде 47 адам набыт болду, дагы 90ну жаракат алды. Шийилердин мечитинде бирөөгө жаназа окулуп жаткан экен. Адам топтолгон жерде жанкечти өзүн-өзү жардырып жибериптир.
Ирак өкмөтүнүн коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Мувафак ал-Рубаи биздин радиого берген интервьюсунда ирактык козголоңчулардын лидери Заркауини жакында колго түшүрүү мүмкүн болоорун айтты.
- Азырынча коопсуздукту сактоо максатында мен бул жардырууга тиешелүү айрым кабарларды айта албайм. Бирок биз Заркауиге жана анын айланасындагы адамдарга өтө жакын барганыбызды, жакынкы жумаларда биздин эл бул тууралуу жакшы кабар угуп калышы да мүмкүн экендигин айткым келет, - деди Ирак өкмөтүнүн коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Мувафак аль-Рубаи.
Ал эми андан мурда белгисиз адамдар Багдатта полиция чөлкөмүнүн башчысы менен бир нече кызматкерин өлтүрүп кетишти.