Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Билдирүүгө бийлик өкүлүнүн пикири


БИШКЕК. 10-мартта түзүлгөн “Эл биримдиги” координациялык кеңешинин билдирүүсү Башмыйзамды одоно бузуп, депутаттыкка өтпөй калган айрым талапкерлерди колдоо максатында уюштурулган иш чара. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев 11-мартта өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, координациялык кеңешке мүчө болуп кирген айрым депутаттар өздөрү кабыл алган мыйзамды бузууга жол берип, экс-чиновниктердин жеке кызыкчылыктарын көздөөдө.

Ал эми Кыргызстан элдик кыймылынын штабынан билдиришкендей, учурдагы аткаруу бийлигинин шайлоону өткөрүүдө мыйзамды бузуп, карапайым калктын мүдөөсүн эске албаганы, адам укугунун тебелениши, учурдагы бийлик баш мыйзамды каалаганындай өзгөртүшү, эл менен оппозициянын чыдамынын кеткенинен улам “Эл биримдиги” координациялык кеңеши түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG