БИШКЕК. “Оппозициячыл саясатчылар кырдаалды курчутуп, коомдо башаламандыкты пайда кылуу аракети менен президент Аскар Акаевди өз ыйгарым укуктарын тастыктоо максатында дагы бир ирет референдум өткөрүүгө түртүп жатышат”,-деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев 11-мартта өткөргөн маалымат жыйынында. Анын айтымында, бүгүнкү кырдаал 2002-жылы Азимбек Бекназаров жана Исмаил Исаковдун демилгеси менен уюштурулган президентти кызматтан кетирүү талаптарын эске салат. “Оппозициянын андай аракетинен кийин 2003-жылы 2-февралында жалпы элдик референдум өткөрүлүп, президентти өлкө калкынын 79% колдогон”, - деп кошумчалады Абдил Сегизбаев.
Ал эми белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун пикиринде, Жалалабад облусунун Аксы районунун эли, бийлик элге каршы ок аткандыгына байланыштуу 2002-жылы президентти кызматтан кетирүү демилгесин көтөрүп чыккан:
- Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов башында туруп, президентти бийликте калтырууга элден кол топтоо аракети азыркы бийликтин мурдатан иштеп келаткан иши, - деди Азимбек Бекназаров.