НЬЮ-ЙОРК. АКШда чыгуучу "Форбс" деген финансы журналы дүйнөнүн эң бай адамдарынын кезектеги тизмесин жарыялап, "Майкрософт" корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтсти дүйнөнүн эң бай адамы деп атады. Журналдын башкы редактору Стиив Форбестин айтымында, бай адамдардын саны көбөйдү:
- Азыр дүйнөдө 691 миллиардер бар, бул былтыркыга караганда 104 кишиге көптүк кылат. Былтыр миллиардерлердин тизмесинде 587 адам бар болчу. АКШда 69 жаңы миллиардер, Европа өлкөлөрүндө 38, ал эми Азияда 13 жаңы миллиардер пайда болду,- деди Форбес.
"Форбс" журналынын айтымында, теги индиялык Лакшми Митталдын байлыгы тез көбөйүп отуруп, ал дүйнөдө үчүнчү эң бай адам болуп калды.Тизмеге Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучманын күйөө баласы Виктор Пинчук, Украинанын жарандары Ренат Ахметов жана Сергий Тарута киргизилген. Байлардын тизмесинде Орусиянын 27 жараны да бар.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прага шаарынан даярдады.