Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Мисирдин полициясы демонстранттарды камакка алды


КАИР. Мисирдин полициясы былтыркы террордук кол салууларга байланыштуу жүргүзүлгөн рейддерге нааразылык билдирген демонстранттардын он чактысын камакка алды. Бүгүн Мисирдин эл-Ариш шаарында жүздөгөн демонстранттар, анын ичинде камакка алынган шектүү адамдардын тууган-туушкандары демонстрация өткөрүштү. Полиция менен демонстранттардын ортосунда чыккан кагылышууда бир нече киши жаракат алды. Синайдагы Таба жана Рас Шитан деген курорттордо былтыр октябрда болгон жардырууларда 34 киши курман болгон. Мисирдин жетечкилиги канча киши камакка алынганын билдирбейт, бирок укук когоочулар кеминде 2000 киши кармалганын божомолдойт.

XS
SM
MD
LG