Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Сирия Ливандагы аскерлерин алып кете баштады


БЕЙРУТ. Сириянын Ливандагы аскерлери өлкөнүн түштүгүндөгү Бекаа деген өрөөнгө көчүрүлдү. Өлкөнүн түндүгүндө атайын кызматтар ээлеген эки имарат менен эле эки бекемделген чеп калды. Ливандын оппозициясы менен эл аралык коомчулук Сирия аскерлеринин Ливандан толугу менен чыгарылып кетүүсүн талап кылышууда. Экс-премьер Рафик Хариринин өлтүрүлүшүнө байланышкан массалык демонстрациялардан кийин өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен, бирок президент Эмиль Лахуд жаңы өкмөттү түзүүнү кайрадан эле экс-өкмөт башчы Омар Карамиге тапшырды.

XS
SM
MD
LG