Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Евросоюз Кытайга салынган курал-жарак эмбаргосунан чыгат


Муну Индонезияда визит менен жүргөн Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча өкүлү Бенита Ферреро Вальднер айым бүгүн Жакартада ырастады. Он беш жылга созулган санкция токтосо эле Кытай заманбап аскери технологияларга ээ болуп кетери күмөн, деп айтты еврокомиссар. Бул чечимге АКШ менен Тайван катуу каршылык көрсөтүп жатышат. Тайван президенти Чэн Шуй-бян бу чечимди кайрадан кескин сынга алды. Шуй-бяндын айтымында,эгер демократиясы жана эркиндиги менен сыймыктанган Евросоюздун өлкөлөрү коммерциялык кызыкчылыктан улам тоталитардык өлкөгө курал сатып, анын башка бир демократиялык өлкөгө кол салышына кол кабыш кылса, бу демократиянын тарыхындагы шермендечилик болот.

XS
SM
MD
LG