Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

№75 Тоң округдук шайлоо комиссиясында шайлоого даярдык толук көрүлдү


КАРАКОЛ. Бул тууралуу маалымат №75 Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мааданбек Аскаровдон алынды. Анын айтымында аталган район боюнча 45 шайлоо участкасынын дээрлик бардыгы керектүү жабдуулар менен толук камсыз болду. Шайлоо бюллетендери дээрлик таратылып бүттү. Шайлоо мыйзам чегинде өтүүгө тийиш. Бирок экс-талапкер Арсланбек Малиевдин жактоочулары тарабынан түзүлгөн таза шайлоо өткөрүү боюнча жумушчу тобунун айрым мүчөлөрүнүн тастыктоолоруна караганда, көпчүлүк шайлоочулар аталган аймактык шайлоо комиссиясынан депутаттык мандат үчүн атсалышып жаткан эки талапкерге каршы добуш берүү үчүн саясий өнөктүккө активдүү катышат. Кошумчалай кетүүчү маалымат, 12-мартта эртең менен Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын алдына жүздөй аял чогулуп, алар облус губернатору тарабынан көрсөтүлгөн акчалай жардамдын эмне үчүн толук берилбегендигинин себебин билип, кайра тарап кетишти. Райондун акими Курманбек Уржановдун пикиринде, мындан шайлоого байланыштуу саясий оюн издөөгө эч мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG