Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Президенттер телефон аркылуу сүйлөшүштү


БИШКЕК. 12-мартта президент Аскар Акаев Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу Акипресс маалымат агенттиги Россиянын маалымат каражаттарына таянып кабарлады. Маалыматка караганда президенттер финансы-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эл аралык уюмдарда кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Россиянын Грани.ру интернет-газетасынын маалымдоосуна караганда, Аскар Акаев ал сүйлөшүүдө өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартуу маселесине карата Владимир Путиндин колдоосун алууга аракеттениши ыктымал. Анткени кечээ жакында эле президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев Аскар Акаев референдум аркылуу өзүнүн президенттик ыйгарым укугун узартууга барышы мүмкүндүгүн билдирген.

XS
SM
MD
LG