Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Кошмо Штаттарында соттун имаратында үч кишини жайлаган деп шектелген киши кармалды


33 жаштагы Браян Никольс Атланта шаарынын чет жакасында 26 саатка созулган издөө операциясынан кийин камакка алынды. Зордуктаган деп айыпталып жаткан Никольс сот ишине баратканда полиция кызматкеринин тапанчасын тартып алып, аны бет талаштыра атып, сот залында бир сотту жана кабарчыны атып өлтүргөн. Качып баратып Никольс полициянын дагы бир кызматкерин атып салган. Никольс ушул эле күнү таң эртеңден Бажы кызматынын агентин атып өлтүргөн деп шектелүүдө.

Кечээ ошондой эле Висконсин штатында мейманканада өтүп жаткан диний иш-чарада куралчан киши 7 адамды атып өлтүрүп, кийин өзүн атып салганы кабарланды. Кол салууда жараат алган сегиз киши оор абалда ооруканага жеткирилди.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады.

XS
SM
MD
LG