БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 13-мартта өлкө боюнча 39 шайлоо округунда шайлоонун экинчи айлампасы, бир шайлоо округунда, тагыраак айтканда № 75 Тоң шайлоо округунда шайлоонун биринчи туру өткөрүлдү. Ал эми №33 Нарын, №59 Чүй шайлоо округдары боюча добуш берүү 20-мартка жылдырылды. Ал эми Кочкор шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн качан өткөрүлөөрү сот чечиминен кийин аныкталмакчы. Ал эми шайлоонун биринчи турунда 32 талапкер шайлоочулардын элүү пайыздан көп добушун алып жеңүүчү деп табылган.