БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаевди кызматтан кетирүү талабы менен Нарын шаарынан Бишкекти көздөй келе жаткан жөө жүрүш 13-мартта кечинде Нарын областык милиция кызматкерлери тарабынан күч менен токтотулду. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына укук коргоочу Турсунбек Акундун карындашы Жамиля Мусабекова маалымдады. 11-мартта милиция кызматкерлери Нарын шаарындагы нааразылык иш-чаранын катышуучуларын күч менен уруп, таркаткан. Ага нааразы болгон Турсунбек Акун баштаган 21 атуул Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыккан. Алар жол катар «Аскар Акаев кызматтан кетсин!» деп кыйкырышып, "«Азаттык» радиосу жергиликтүү каналдардын уктурулсун!" деген жазуулары бар палакаттарды көтөрүп келатышкан.