Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Тажикстанда парламенттик кайра шайлоо өттү деп табылды


27-февралдагы алгачкы айлампада парламенттин ылдыйкы палатасындагы 63 орундун алтымышына депутаттар шайланган болчу. БШКнын өкүлү Додожановдун билдиришинче, Гисар округундагы эки талапкердин бири шайлоого катышуудан баш тарткандыктан башкаруучу Элдик-демократтык партиянын мүчөсү жалгыз калган:

- №7 Гисар шайлоо чөлкөмүндө талапкер Усманжан Шабозов экинчи айлампага катышуудан баш тартып, жылгыз талапкер Абдурахман Шарифов калды.

Кайра шайлоо болгон калган эки чөлкөмдө да негизги талапкерлер президент Рахмонов башында турган партиянын мүчөлөрү. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму шайлоонун биринчи турун көптөгөн мыйзам бузуулар менен өттү деп сындаган.

XS
SM
MD
LG