Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Ливанда Сирияны колдогон ири демонстрация болду


Ливанда айтылуу “Хезболла” партиясынын жүз миңдеген колдоочулары көчөгө чыгып, АКШга каршы жана Сирияны жактаган митинг өткөрүштү. Бейруттагыдай чоң алкактагы акция кечээ өлкөнүн түштүгүндөгү Набатиех деген шаарда да болду. Сирия эларалык коомчулуктун басымы менен Улуттар уюмунун атайын резолюциясынын алкагында баардык аскерий күчтөрүн Ливандан алып чыгып кетээрин жарыя кылды. Кечээ Бириккен улуттар уюмунун Жакынкы Чыгыштагы өкүлү Терж Роед-Ларсен Бейрутта ливандык ырасмий адамдар менен көрүшүп, сириялык аскерлерди чыгаруу ишин эч кандай проблемасыз кантип аткаруу керектигин талкуулады.

- Талкуунун пайдубалы катарында биз эки тарап тең бүгүнкү оор кырдаалдан кантип чыгуунун жолун издеп жаткандыгыбызды айта алам. Алдыда баардык тараптарга ыңгайлуу да, пайдалуу да болчу маселени чечүүнүн жолдору бар деп ишенем.

Улуттар уюмунун өкүлү Роед Ларсен өткөн күнү Дамаскта Сириянын президенти Башар Ассад менен да көрүшкөн.

XS
SM
MD
LG