Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү


БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 15-мартта
жамгырдын нөшөрлөп жаашына байланыштуу Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде селдин жүрүшү, ошондой эле 15-16 -март күндөрү Ош, Жалалабат облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош автожолдорунун 204-251 чакырымдарында көчкү жүрүшү ыктымал.

15-мартта республиканын айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +10...+15 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14 градус.
ЖАЛАЛАБАТ, ОШ, БАТКЕН чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +11...+16 градус.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +1...+6, күндүз +6...+11 градус жылуу.
НАРЫН облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8 градус.
БИШКЕКТЕ жамгыр себелиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +12...+14 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG