Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Жалалабатта Аскар Акаевдин отставкасын талап кылып жатышат


ЖАЛАЛАБАТ. Дүйшөмбүдөгү нааразылык акциясына уюштуруучулардын маалыматында алты миң, байкоочулардын пикиринде үч миң, облустук бийликтин болжолу боюнча миңдей адам катышты. Аларга оппозицияны бийликтин өзү жаратып, бийлик имаратын ээлегендерге 37-жылдагы репрессиялык ыкмалар колдонулушу мүмкүн деп айткан, №31 Көгарт шайлоо аймагынан талапкер Жусупбек Жээнбековдун үч жүздөй тарапкери ураан-чакырыктар менен келип кошулушту. Нааразылык акциясында менчиктештирүү туура эмес болгондуктан, ири өнөр жай ишканалары токтоп турганы, айлык, пенсия, жөлөк пул өлчөмүнүн аз экени, коррупция күчөп, өлкөдө тартип жоктугу, инвестицияны натыйжасыз иштеткендерге чара көрүлбөй жатканы жана 13-марттагы шайлоо да мыйзам бузуулар менен коштолгону жөнүндө айтылды. Жыйынга катышкандар дале болсо Аскар Акаевдин отставкасын талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG