Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Танаев Согдиге барат


БИШКЕК. 15-мартта премьер-министр Николай Танаев Тажикстандын Согди облусуна иш сапары менен барары болжолдонууда. Бул иш сапардын учурунда электр кубатын берүүчү «Баткен-Канибадам» линиясынын ачылыш салтанаты болуп, ага Николай Танаев жана Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов катышаары күтүлүүдө. Энергетикалык «көпүрөнүн» алгачкы тирөөчү 2004-жылдын 21-майында эки өкмөт башчынын катышуусунда коюлган. Эки өкмөт бул линия Тажикстандын электр энергетика тармагы багытындагы кызматташтыгын күчөтөрүнөн жана электр энергиясын үчүнчү өлкөгө сатууга мүмкүнчүлүк түзөрүнөн үмүт кылууда. Кыргыз өкмөт башчысы Танаев өткөн аптада жыйында, Тажикстанга сапары 11-мартка белгиленип, бирок Кыргызстандагы саясий кырдаалга байланыштуу кийинкиге жылдырууга аргасыз болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG