Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

КМШнын байкоочулары маалымат жыйынын өткөрүштү


БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун экинчи туру ачык, эркин жана мыйзамдуу өткөрүлдү. Мындай билдирүүнү Көз каранды эмес өлкөлөрдүн шериктештигинен келишкен байкоочулардын өкүлдөрү 14-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Маалымат жыйынды КМШ өлкөлөрүнүн аткаруу комитет төрагасынын орун басары Асан Кожаков өткөрдү. Ошондой эле Асан Кожаков Кыргызстандын жер-жерлеринде шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акцияларынын өтүшүнө тынчсыздангандыгын билдирип, кыргыз бийлигинин шайлоону адилет өткөрүүгө жасаган аракетин кубаттай тургандыгын билдирди. Парламенттик шайлоого КМШ өлкөлөрүнөн 108 байкоочу көзөмөлдүк кылышты.

XS
SM
MD
LG