БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг жакынкы күндөрү башка кызматка которулат. Бул тууралуу 14-мартта айрым эларалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ушул эле күнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жогорудагыдай маалыматты тастыктап, Стивен Янгдын башка өлкөгө кызматка которулушун анын Кыргызстандагы иштөө мөөнөтү аяктагандыгы менен байланыштырып түшүндүрүштү.