БИШКЕК. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү Бектур Асанов билдирди. Алынган маалыматка караганда, курултайда Жалалабат облусун элдик башкарууга өткөрүү, элдик губернаторду шайлоо, президент Аскар Акаевдин бийлигин тааныбоо маселелери талкууланат. Депутат Асановдун билдиргенине караганда, курултай Жалалабат облустук администрация имаратынын жанында ачык асман алдында өтүп, ага республика боюнча 600гө жакын делегат катышаары жана курултайга он миңдеген эл байкоо жүргүзүп турары болжолдонуп жатат. Курултайга кетчү чыгымдарды эл өзү көтөрмөкчү. Белгилеп койчу жагы, Жалалабат калкынын Кыргызстан элдик кыймылын жактаган тарабы шайлоонун жүрүшүнө нааразылык билдирип, 4-мартта облустук администрациянын имаратын ээлеп алган. Нааразылык чаралары ошондон бери уланып жатат.