БИШКЕК. Айрым саясатчылар 75 депутаттык орундан турган бир палаталуу парламентке оппозициядан баш-аягы беш өкүл келгендигин айтышып, болочок параламенттин курамы аткаруу бийлигинин кийлигишүүсү менен мамлекет башчы Аскар Акаевдин жакындарынан түзүлдү деген оюн билдиришүүдө:
- Парламенттин курамын акчалуу бар байлар жана Аскар Акаевдин кызы, баласы, туугандары жана жакын санаалаштары түздү,-дейт «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова.
Жогорудагыдай пикирге ырасмий бийлик өкүлдөрү макул эмес. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев бир палаталуу парламентке оппозиция өкүлдөрүнүн аз келип калышын оопозициянын эл арасында кадыр баркынын жоктугунүн далили деп түшүндүрөт. «Акыйкат жана прогресс» партиясынын башчысы Муратбек Иманалиевдин пикиринде, парламенттик шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан мындай парламентти легитимдүү деп айтуу да туура эмес.