БИШКЕК. Кыргызстандын аймагындагы 75 шайлоо округунун жетимиш биринде шайлоо өттү. Ал эми кайталап добуш берүү зарылдыгы келип чыккан №59 Чүй жана №33 Нарын округдарында шайлоо 20-мартта болот. №75 Тоң, №34 Кочкор шайлоо округдарында добуш берүү мыйзам боюнча 40-50 күндөн кийин өтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн түштөн кийин өткөн маалымат жыйынында БШК төрагасы Сулайман Иманбаев билдирди. Анын айтымында, добуш берүүдө шайлоочулар жогорку активдүүлүгүн көрсөтүштү. Мыйзам бузуулар боюнча арыз-даттануулар 2000-жылкы парламенттик шайлоого салыштырмалуу аз түштү. БШКга бул парламенттик шайлоодо 362 арыз жолдонгон, бирок алар жалпы шайлоонун жүрүшүнө терс таасир эткен жок деп билдирди Сулайман Иманбаев. Ошондой эле төрага жергиликтүү жана эларалык байкоочулардын бири да шайлоо боюнча өз баасын бере электигин белгиледи. Парламенттик шайлоонун экинчи айлампасына 200 чамалаш эларалык жана 10 миң чамалаш жергиликтүү байкоочулар көз салды.