Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Куршабда үч шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды


БИШКЕК. №39 Куршаб округдук шайлоо комиссиясы 14-мартта түнкү саат 10.00до № 58, 59, 62 шайлоо участокторундагы добуштардын жыйынтыгын жокко чыгаруу туралуу чечим чыгарды. Аталган үч шайлоо участогун эске албаганда Адахан Мадумаров топтогон добуш 63%ти түзүп, атаандашы Орозбаев Маматтан алдыга чыкмак. Округдук шайлоо комиссиясынын отуруму Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Бегматов Абдыкапардын катышуусунда өттү. Нааразылык билдирип көчөгө чыккан элге чечимди талапкер Адахам Мадумаров жарыялады. «Азаттыктын» окуя болгон жерде жүргөн кабарчыларынын маалыматтарына караганда, шайлоочулар БШК чечимди ырасмий жарыяламайынча таркабай тургандыгын кабарлашууда.

13-марттагы добуш берүүнүн тыянагы Мадумаровдун кызыкчылыгына чечилбей калганын билгенден кийин Өзгөн районунун мыйзам бузуулар болду деп эсептеген 10 миң чамалаш шайлоочусу Адахан Мадумаровго мандат берүү талабы менен чогулуп, райондук мамлекеттик администрациянын имаратын ээлеп алган. Жагдайга байланыштуу ушул эле күнү кечинде БШКдан атайын комиссия барып, анын катышуусунда округдук шайлоо комиссиясынын отуруму чогулган.

XS
SM
MD
LG