Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Орусия менен КМШ өлкөлөрүндө журналисттердин иш шарты начарлады


Бул тууралуу Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитеттин ушул дүйшөмбүдө жарыяланган докладында айтылган. Докладда белгилегендей маселен Орусиянын улуттук масштабдагы телеканалдары азыр көз карандысыз журналисттерден тазаланды, Бесландагы былтыркы барымта окуясын чагылдыруу учурунда бийлик тарабынан чектөөлөр киргизилген. Ал эми мурдагы советтик республикалардын бир нечеси маалымат каражаттарына көзөмөлдү коммунисттик доордун соңку жылдары менен салыштырганда кыйлага күчөттү. Былтыр дүйнөдө кызмат милдетин аткарып жүрүп элүү алты журналист каза тапкан. Бул - 1994-жылдан берки эң чоң көрсөткүч. Анда алтымыш алты журналист мерт болгон эле. Журналисттер үчүн эң кооптуу аймак катары Ирак аталган.

XS
SM
MD
LG