Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Турдакун Усубалиев сотто утуп алды


БИШКЕК. Биринчи май райондук соту №34 Кочкор шайлоо округу боюнча талапкер Турдакун Усубалиевдин арызын канааттандырды. Турдакун Усубалиев өз арызында 27-февралдагы добуш берүү боюнча округдук жана Борбордук шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарып, округда өткөн шайлоону таануу арызы менен райондук сотко кайрылган. 27-февралдагы шайлоодо Кочкор округу боюнча 14.691 шайлоочу бардык талапкерлерге каршы добуш берип, ал жалпы добуш бергендердин 62%тен ашыгын түзгөн. Ушундан улам БШК Кочкор округунда шайлоо болгон жок деп жарыялаган. Каршы добуштар талапкер Акылбек Жапаровдун тескери үгүтүнүн кесепетинен болду деп санаган Турдакун Усубалиев сотко кайрылган. Соттун чечимине ылайык округда эми боло турган шайлоого баардык талапкерлерге каршы деген добуштардан кийин көпчүлүк добуш алышкан Усубалиев менен Нарынбек Молдоисаев катышмак болуп жатат. Бирок мурдагы талапкер Акылбек Жапаров мынчалык добушту жокко чыгаруу адам укуктарына каршы келет деп эсептеп, шайлоочулардын атынан Жогорку сотко дароо көзөмөл арыз даярдоого киришерин билдирди. Жапаров атаандаштарынын арызынын негизинде сот аркылуу талапкердиктен четтетилгенден кийин эл нааразылык чараларын уюштурган.

XS
SM
MD
LG