БИШКЕК.15-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчилиги пресс-релиз таратып, анда парламенттик шайлоонун 13-мартта өткөн экинчи айлампасына баа берген ЕККУнун адам укуктары жана демократия институттар бюросунун билдирүүсүн колдой тургандыгын билдирди. Элчилик шайлоо тынч өткөнү менен добуш берүүнүн экинчи айлампасы Кыргызстандын ЕККУнун алдындагы милдеттерине жана башка эл аралык талаптарына жооп бербегендигине өкүнөөрүн да жарыя кылды. Анда Кыргызстандын элинин шайлоону ачык жана калыс өткөрүүгө умтулган чыныгы мүдөөсүн колдоо ар дайым АКШ өкмөтүнүн биринчи даражадагы иши болчу деп белгиленген. 2000-жылдагы шайлоого караганда бул жолу бир катар алга жылуулар болду, бирок ал бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүүгө кедерги болгон чаралар менен жуулуп кетти деп билдирди. Элчилик ага айрым талапкерлерди жарыштан четтетүү боюнча административдик чечимдер,көз карандысыз маалымат каражаттарына басым жасоо,өкмөтчүл маалымат каражаттарынын бир жактуу болгондугун мисалга тартты. АКШ элчилиги мындай мыйзам бузууларды ар тараптан иликтеп,президенттик шайлоого чейин аларды четтетүүгө кыргыз өкмөтүн чакырды.