Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Депутаттар парламенттин иши эмне себептен токтотулганын иликтешет


БИШКЕК. 15-мартта Мыйзам чыгаруу жыйынынын 14 депутаты Кыргызстандын калкына, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге, Конституциялык соттун төрайымына жана Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылуу кабыл алышты. Анда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Конституциянын талаптарын сактоо менен 10-мартта кезексиз сессия чакырууга аракет жасашты. Бирок аткаруу бийлиги Конституцияны одоно түрдө бузуу менен парламенттин эшигин жаап, депутаттардын өз кызмат ордуна кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок, деп белгиленген. «Биз Конституциянын кепили президент Аскар Акаевге кайрылып, Мыйзам чыгаруу жыйынынын иштөөсүн камсыз кылууну талап кылдык. Бирок президент Конституциянын 42-беренесинин 2-бөлүгүнүн талабын аткарган жок. Ошондуктан Кыргызстанда бийликти ээлеп алууга жол берилди, Конституция иштебей калды. Буга баа берүүнү Конституциялык соттон сурайбыз. Биз Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагаларынын, Башкы прокурор, Жогорку соттун катышуусу менен комиссия түзүп, Мыйзам чыгаруу жыйынынын ишин токтотуу фактысын иликтөөнү талап кылабыз», - деп айтылган кайрылууда.

XS
SM
MD
LG