БИШКЕК. Кыргызстан элдик конгресси күз айларында боло турган президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыгат. Бул тууралуу конгресстин курамына кирген Социал-демократиялык партиянын саясий кеңешинин орун басары Мелис Эшимканов 15-мартта билдирди. Анын айтымында, бул маселе Феликс Кулов баш болгон лидерлер менен макулдашылды. Абактагы Феликс Кулов жетектеген Кыргызстан элдик конгрессинин курамында «Арнамыс», «Атамекен», Социал-демократиялык партиялары бар.