Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

А.Жапаров Жогорку сотко кайрылды


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш депутаттыгына №34 Кочкор шайлоо округунан талапкер болгон Акылбек Жапаровдун шайлоочулары 15-мартта Жогорку сотко арыз жолдошту. Анда 27-февралда округдагы бардык талапкерлерге каршы берилген добушту жараксыз деп тапкан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну талап кылышты. Ал эми Акылбек Жапаров өз шайлоочуларынын укугун коргоо үчүн мыйзам алкагында бардык аракеттерди көрөрүн жана алар менен бирге болуу үчүн Кочкорго кетээрин билдирди. Акылбек Жапаров андан тышкары Биринчи май райондук сотуна келген Канат Койлубалиев аттуу жигит Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ууру кылды деген жалаа менен кармалып, камалгандыгына нааразылык билдирип, эгер ал жигит жабыр тарта турган болсо ага бийлик күнөөлүү болорун кабарлады жана өзүнө депутаттык мандат эмес, элинин келечеги керек экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG