Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

ЭНЕМО: «Шайлоо эларалык талаптарга жооп берген жок»


БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо эркин жана акыйкат шайлоо өткөрүү боюнча эларалык талаптардын эң төмөнкү талаптарына да жооп берген жок. Мындай билдирүүнү 15-мартта өткөн маалымат жыйынында шайлоого байкоо жүргүзгөн уюмдардын Европалык тармактын байкоочулары жасашты. Алардын айтымында, тармактын байкоочулары 13-марттагы шайлоо маалында административдик ресурстарды ашкере пайдалануу, эл менен байкоочуларга басым көрсөтүү, үгүт жүргүзүү тартибин бузуу, жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү сыяктуу одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Андан тышкары шайлоочуларды участкаларга автобус менен ташуу, добуштарды сатып алуу болуп, шайлоо начар уюштурулду деп баалашып, мындай баага негиз болчу фактыларды далилге тартышты. Шайлоого байкоо жүргүзгөн уюмдардын Европалык тармагына мурунку СССРдеги жана Чыгыш Европадагы 16 мамлекет кирет. Кыргызстандагы шайлоонун эки айлампасына уюмдун 50 байкоочусу көз салган.

XS
SM
MD
LG