Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Алайда да эл көтөрүлдү


БИШКЕК. 15-мартта Алай районунда Марат Султановдун тарапкерлери нааразылык акциясына чыкты. Бул тууралуу Султановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Эрматов билдирди. Анын айтымында, район борбору Гүлчө айылында беш миңдей, Сопукоргон айлында 7-8 миңдей шайлоочу чогулуп, мыйзам бузууга жол берилген №44 Алай шайлоо округунун алты шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну, Алай районунун акимин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Бул участоктордогу мыйзам бузуулар Алай округдук шайлоо комиссиясына берилет. Эгерде ал жерде канаатандырылбаса сотко кайрылабыз, деп белгиледи Арстан Эрматов. Акыркы маалыматтарга караганда, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бегматовдун катышуусу менен Алай округдук шайлоо комиссиясынын жыйыны жүрүүдө. Анын кандай чечим алаары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG