Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

Масхадовдун каерде экенин айтып бергендерге ФKK 10 млн. доллар сыйлык берди


Бүгүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы - ФКК (ФСБ) чечен жикчилеринин жол башчысы Аслан Масхадовдун каерде жашынып жүргөндүгү тууралуу маалымат берген тарапка 10 млн. доллар акча төлөп бергенин кабарлады. Эми ФККга бул маалыматты айткан кишилерди Коопсуздук кызматы Чеченстандан башка жерге, балким, башка мусулман өлкөсүнө көчүрүүгө жардам берет экен. Бул тууралуу орус коопсуздук кызматынын өкүлү айтты. ФКК өткөн сентябрда ким Масхадовдун бекинип жүргөн жерин так айтып берсе, ага акчалай сыйлык берилээрин жарыя кылган. Масхадовдун дайынын орус аскерлерине жеткиргендердин аттары аталган жок. Бүгүн Чеченстандын президенти Алу Алханов бул окуя тууралуу мындай деди:

- Баардык цивилизациялуу мамлекеттерде тийиштүү маалымат үчүн акчалай сыйлык төлөнөт. Андыктан, менимче, бул мыйзамдуулукту камсыз кылууда мамлекет колдоно ала турган инструменттердин бири.

Масхадов өткөн жумада Чеченстандын түндүк тарабында жашынып жүргөн үйүндө орусиялык аскерлер тарабынан тындым кылынган эле. Атайын аскердик чараны башкаргандар дүйшөмбү күнү билдиришкендей, алар Масхадов жашынган үйдү “балким, ал жерде миналар коюлуп, буктурмага алынабы?” деген шек менен өздөрү эле жардырып жиберишкен.

XS
SM
MD
LG