Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

Кыргызстанда нааразылык акциялары өтүп жатат


Кыргызстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары бүгүн да улантылды. Алардын катышуучулары парламентке шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда. Өткөн жекшембиде парламентке шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Алдын ала жыйынтыктарга караганда 75 орундуу парламентте президент Аскар Акаевди колдогондор көпчүлүк орунду ээлешти. Ал эми оппозициядан көрсөтүлгөн талапкерлер болсо 5 орунду алышты. Анын аралыгында Талас областында жана Бакайата районунда нааразылык акциялары уланууда. Андан сырткары, нааразылык чаралары Өзгөндө жана Жалалабатта да уланып жатат. Алар да жергиликтүү бийликтин имараттарына кирип алышкан.

Бүгүн Жалалабатта оппозициянын өкүлдөрү чогулуп, Кыргызстан элдеринин курултайын өткөрүштү. Курултайды уюштуруучулардын айтымында, ага 17-18 миң адам катышты. Ал эми көз карандысыз тараптар бул жыйынга 13 миңден ашуун адам катышкандыгын айтышты.

XS
SM
MD
LG