Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Мунайдын баасы рекорддук деңгээлге жакындады


Нью-Йорк биржасында кечээ чийки мунайдын апрелдеги баасы 55 доллар 5 цент болот деп бычылды. Бул октябрь айындагы рекорддук баага 12 цент гана жетпейт. Дүйнөлүк суроо-талапты канааттандыруу үчүн Саударавия ОПЕК боюнча өнөктөштөрүн уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы өндүрүшүн күнүгө 500 миң баррелге көбөйтүүгө чакырды. Бул азыркыдан 2 пайызга өсүштү билдирмекчи. Бүгүн күнүгө 27,5 миллион баррел кара май өндүрүлөт.

ОПЕК же Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму бүгүн Ирандын Исфахан шаарында картелдин өндүрүш саясатын талкуулаганы жатат.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады.

XS
SM
MD
LG