Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:10

Ошто эл менен милиция кагылыша кете жаздады


ОШ. Кыргызстан элдик кыймылынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Керим Макеев облустук акимчиликтин туурасынан кеткен жол менен жөө жүрүшчүлөрдүн шаардын борбордук көчөлөрүнө чыгууга жасашкан аракеттерине милиция кызматкерлери жолду тосуп, тоскоолдук кылгандан улам тирешүү келип чыккандыгын билдирди. Түшкү саат үчтөрдөн өтүп, жыйырма минутадай убакыт тирешүүдөн соң нааразылык акциясынын катышуучулары милициянын тосмолорун бузуп өтүп, шаардын борбордук көчөлөрү боюнча жөө жүрүшкө чыгып кетишти. Ош облустук ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев милиция облустук акимчиликтин имаратын басып алууга жол бербөө үчүн колдонуу аракетин жасады деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG