Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Турсунбек Акун табылды


БИШКЕК. 15-мартта кечки саат 23тө белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акунду тартип коргоо органдарынын белгисиз 3 кызматкери үйүнө жеткирип келишкен. Бул тууралуу Турсунбек Акун 16-мартта “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында,
13-мартта нааразылык билдирип Бишкекке жөө жүрүшкө чыгышкан 30га чукул атуулду Нарын облусундагы Бейшебулак капчыгайында саат 13.05 өткөндө Нарын облустук коопсуздук кызматынын 6 кызматкери жана милиция кызматкерлери күчтөп автоунаага салып Нарынга жөнөтүшкөн. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кылмышты издөө бөлүмүнүн башчысы жана анын орун басары Турсунбек Акунду Бейше булак капчыгайында 4 саат кармап турушкан. Андан соң “Фиат” автоунаасына салып Бишкекке жеткиришкен. Бишкекте шаардык милициянын 3 белгисиз кызматкери Турсунбек Акунду Аламүдүн -1 кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 4 кабатында 2 бөлмөлүү батирде 2 күн кармап турушкан. Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан окуяга тиешеси жоктугун маалымдашты. Укук коргоочу Турсунбек Акун бул иш боюнча сотко доо арыз жолдоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG