Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Аксы районунда Карасуу айыл өкмөтүнүн имараты жабылды


БИШКЕК. 16-мартта Жалалабат облусунун Аксы районундагы Карасуу айыл өкмөтүндөгү Каражыгач айылынын 1500ден ашуун тургуну жыйын өткөрүштү. Жыйында “Президент Аскар Акаев кызматтан кетмейинче, айыл өкмөтүнүн ишин тааныбайбыз” деп, айыл өкмөтүнүн имаратын кулпулап салышты. Бул тууралуу Каражыгач айылынын тургуну Керимбеков билдирди.

17-мартта Жалалабат облусунун Аксы районундагы Боспиек айылынын жанында мындан үч жыл мурда демонстрация учурунда курман болгондорго тургузулган эстеликтин жанында митинг өткөрүлөт. Митингде бейажал курман болгондорго куран окутулуп, эскерүүгө бир катар айылдардын адамдары катышат. Митингке катышкандар Аксы райондук администрациясын камоолго албасы үчүн тартип коргоо кызматкерлери жана коопсуздук кызматы кайтарууну күчөтүү үчүн жашыруун жыйын өткөрүшүп, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы райондогу мектеп мугалимдерин жана окуучуларды митингге катышпоого оозеки көрсөтмө берген. Мындай маалыматты 16-мартта “Аксы келечек” уюму таратты.

XS
SM
MD
LG