Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

АКШнын мамлекеттик депертаменти Кыргызстандагы шайлоону сынга алды


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик депертаменти Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын катуу сынга алды. Мындай маалыматты “РосБизнесКонсалдинг” агенттиги 16-мартта таратты. Маалыматка караганда АКШнын тышкы саясат кызматынын басма сөз катчысы Адам Эрели Вашингтондо өткөн маалымат жыйында Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо добуш берүүдө көптөгөн мыйзам бузууларга, добуштардын жыйынтыгын бурмалоого жол берилгендигин билдирген. Ал ошондой эле кыргыз бийлигин шайлоо өнөктүгүндөгү кыянаттык иштерди иликтөөгө жана оппозициянын нааразылык билдирүүлөрүнө каршылык көрсөтпөөгө чакырган. Президенттин басма сөз кызматы АКШнын мамлекеттик депертаментинин Кыргызстандагы шайлоо тууралуу жыйынтыгы менен таанышмайынча эч кандай пикир айтышпастыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG