Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Тажикстандын полициясы баракчаларды таратып жүргөн адамды камакка алды


ДУШАНБЕ. Тажикстандын полициясы Ислам Халифатын түзүүгө үндөгөн баракчаларды таратып жүргөн адамды камакка алды. Ички иштер министрлигинин билдиргение караганда, 25 жаштагы хизбут-тахрирчи ошондой эле уюмдун жашыруун жыйындарын өткөрүүгө аракеттенип, уюмдун идеяларын активдүү пропагандалаган. Борбор Азия мамлекеттери Хизб-ут-Тахрир уюмун региондо бир катар кылмыштарды, анын катарында, Өзбекстандагы жардырууларды уюштурган, деп айыптайт. Хизб-ут –Тахрир уюму Борбор Азияда Ислам Халифатын түзүүнү көздөйт, бирок бул максатка жетүү үчүн күч колдонууну четке кагат.

XS
SM
MD
LG