Дүйнөлүк банктын башчылыгына Пол Вулфовиц көрсөтүлдү. Президент Жорж Буш бул чечимин кечээ угузду. Вулфовиц тажрыйбалуу, өнүгүүнү жактаган адам, дүйнөлүк банкты эң сонун башкара алат, деп айтты Буш. Вулфовиц АКШнын коргоо министринин орунбасары, Ирактагы согушка активдүү демилгечи болгондордун бири. Анын кандидатурасын эми дүйнөлүк банкка кирген өлкөлөр жактырууга тийиш. АКШ бул банктын эң ири жарнакчысы болгондуктан салт катары анын башчылыгына өз өкүлүн көрсөтөт. Банктын азыркы башчысы Жеймс Вулфенсондун мандаты быйыл бүтөт.