Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

18-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча 18-мартта Ош, Жалалабад облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош автожолдорунун 132-138, 204-258 чакырымдарында көчкү жүрүшү күтүлөт.

18-мартта Кыргызстандын аймагы боюнча жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙДӨ түнкүсүн +1...+6, күндүз +6...+11 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10 градус.
ЖАЛАЛАБАТ, ОШ, БАТКЕН облустарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +8...+13 градус.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +3...+8 градустун айланасында.
НАРЫН аймагында түнкүсүн -2 ...+3, күндүз +1...+6 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +7...+9 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG