ОШ. Алгач 2002-жылы 17-мартта башкаруу режимине нааразылык билдирип чыгышып окко учкан аксылык алты жигитти жана 18 күн бою ачкачылык жарыялап отуруп, каза болгон белгилүү публицист Шералы Назаркуловду эскерүү митинги болуп, алардын атына багышталып куран түшүрүлдү. Митингдин жүрүшүндө президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү боюнча Ош облустук штабынын башчысы Дүйшөнкул Чотонов, эл нааразы болуп козголуп чыгып турган учурда оппозициянын лидерлеринин биримдигинин жок болуп жаткандыгын айыптады. Эскерүү митинги жүрүп жаткан учурда нааразылык акциясынын эки жүздөн ашуун катышуучусу Ош-3000 мамлекеттик телекомпаниясынын алдына келип, болуп жаткан окуяларды бурмалабай чагылдыруу, алардын үнүн элге толук жеткирүү талаптарын коюшту. Ош облустук акимчилигинин алдында нааразылык акциясы улантылып жаткан учурда аларга каршы багытталган жергиликтүү аткаруу бийлиги тарабынан уюштурулган митинг болуп өттү. «Элим менен, элим үчүн» коомдук корунун жетекчиси Аманбай Сатыбаев аталган митингдин катышуучуларын президент Акаевди коргоого чакырып, бирок чогулгандардын арасынан өз үнүнө колдоо таба алган жок.