ЖАЛАЛАБАТ. Бул тууралуу 17-мартта «Атамекен» партиясынын жооптуу катчысы Асылбек Текебаев билдирди. Акциянын катышуучулары №25 Караүңкүр шайлоо аймагындагы парламенттик шайлоонун жыйнтыгына нааразы болуу менен Элдик кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиевге каршы иштеген жогорку жана төмөнкү бийлик өкүлдөрүн сынга алышты. Депутат Өмүрбек Текебаев таарынычтарды эстен чыгарып, президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсү үчүн болуп жаткан митингдерди колдоорун айтып, бийликти сөзсүз алмаштыруу үчүн элди биримдикке чакырды. Депутат Дооронбек Садырбаев Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке сунуш кылды. Райондук бийликтин имаратын 16-марттан бери ээлеп турган эки жүздөн ашык митингчи бийлик алмашканда гана имаратты бошотоорун билдиришти.