Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Округдук комиссия ЕККУга кайрылды


БИШКЕК. №39 Куршаб округдук комиссиясынын жети мүчөсү 15-мартта ЕККУнун Бишкектеги борборуна, Башкы прокурорго, Борбордук шайлоо комиссиясына жана Өзгөн райондук прокуроруна арыз кат жолдошту. Анда талапкер Адахан Мадумаровдун 5 миңге чукул жактоочусу 14-мартта Өзгөн райондук администрациясынын алдына чогулуп алып Өзгөн шаарындагы үч учаскадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты деп кабарлап, атуулдук укуктарын коргоону талап кылышкан. Ошондой эле жаалданган жактоочуларын токтотууга талапкер Адахан Мадумаров аракет кылбагандыгын кабарлашкан. Ал эми ЕККУнун Бишкектеги борборунун өкүлдөрү азырынча андай арыз кат түшө электигин билдирди.

XS
SM
MD
LG