Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Кочкорлуктар акимчиликти бошото элек


БИШКЕК. 16-мартта Кочкор райондук администрациясын ээлеп алган атуулдардын саны кечке жуук 5 миңге жетип, Бишкекке жүрүшкө чыгабыз деген 100дөй атчан адам чогулду. Мындай маалымат «Эр айдоочу» бейөкмөт уюмунун төрагасы Качкын Булатовдон алынды. Митингге чогулган эл 27-февралдагы шайлоодо бардык талапкерлерге каршы берилген добуш кайра калыбына келтирилсин, 15 миң шайлоочунун добушун жокко чыгарган Турдакун Усубалиевдин талапкерлиги токтотулсун, Кочкор райондук жана Бишкектин Биринчи май райондук сотторунун төрагалары иштен алынсын деген талаптарды коюшту. Андан тышкары президент Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликке келишине каршы экендиктерин билдиришти. Митинг талапкер Акылбек Жапаровдун катышуусу менен өтүп, ага катышкан облустун губернаторунун орун басары жана башка бийлик жетекчилери райондун акимиатынын имаратын бошотуп берүүнү өтүнүшүп, шайлоочулардын талаптарын жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткиришээрин билдиришти. Бирок чогулгандар ага макул болушпай, имаратты бошоткон жок. Акылбек Жапаровдун шайлоочулары 16-мартта Кочкор райондук акимиаттын имаратын ээлеп алып, акимдикке Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Качыке Бейшекеевди дайындашкан. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов Кыргызстандын аймагында чыгып жаткан ар бир нааразылык иш-чара көзөмөлдө деп билдирди. Анын айтымында, митинг, пикеттерди уюштуруучулардын бардыгы иликтенип, жазага тартылат.

XS
SM
MD
LG