Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

«Жаңы багыт» кыймылы президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылды


БИШКЕК. «Мамлекет башчы Аскар Акаев кызматтан кетсин, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын». Мындай мазмундагы төрт пункттан турган билдирүүнү 17-мартта курамына бир катар таасирдүү саясатчылар кирген «Жаңы багыт» саясий бирикмеси таратты. Ошондой эле билдирүүдө Кыргызстандын жогорку бийлиги үй-бүлөлүк парламент түзүү максатында оппозициялык талапкерлерди шайлоодон четтетип, шайлоо өнөктүгү мезгилинде ар кандай мыйзамсыз ыкмаларды колдонгондугу айтылган. Кайрылуу ээлери өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү, коомдук уюмдарды, интеллигенцияны, аскер кызматкерлерин жана ишкерлерди алардын мындай талаптарын ишке ашырууга катышууга үндөдү. «Жаңы багыт» кыймылынын курамында Муратбек Иманалиев, Ишенбай Абдразаков, Болот Байкожоев жана башка саясатчылар бар.

XS
SM
MD
LG