Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Генералдын үндөөсү


Ливандын коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери, генерал Жамил Саяд Бейрутта өткөн пресс-конференцияда өлкөнүн сот органдарын мурдакы премьер-министр Рафик Харирини өлтүрүүнү тергөөнүн жоопкерчилигин өзүнө алууга чакырды. Оппозиция Ливандын коопсуздук кызматын кол салууга катышты же ага өбөлгө түздү деп күнөөлөөдө. Саяддын сөзүнчө, ал өзү жана коопсуздук кызматынын башка жооптуу кызматкерлери тергөөгө катардагы жаран катары катышууга даяр. Бирок алар оппозиция бийликке келмейинче, алардын талабын угуп, кызматтан кетишпейт. Февралдагы жардырууда Харири менен кошо 18 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG