Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:58

Анатолий Чубайска кол салуу болду


Маалыматка караганда, Чубайс түшкөн машина жана аны коштогон күзөтчү машина Москванын Минск кан жолунда келатканда мина жарылып, автоматтык куралдардан камуфляжчан эки адам ок ачышкан. Күзөтчүлөрү каршы жооп кайтарганда, кол салуучулар токойго житип жок болушкан. Чабуулдан бир жолоочу жарадар болуп, чопкутталган машинедеги Чубайс жабыркаган жок.

Мамлекеттик думанын төрагасы Борис Грызлов кол салууну тергөөнү токтоосуз баштоону талап кылды:

- Бул окуяны көз жаздымында калтырып болбойт. Тийиштүү органдар кылмыштын уюштуруучуларын жана аткаруучуларын табат деп ойлойм. Анатолий Борисович, кудайга шүгүр, аман калганы менен, баары бир кылмыш жасалды. Бул кылмыш.

Чубайс өзү бүгүн өткөн маалымат жыйынында ага каршы кутумду ким уюштурганын билээрин айтты:

- Мен ким буйрушу мүмкүн экенин билем. Кылмышкерлер жазасыз калбашы үчүн мен азыр коопсуздук кызматтары: Ички иштер министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы менен тыгыз кызматташам.

XS
SM
MD
LG