Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

19-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү:
Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 19-20-март күндөрү Чүй өрөөнүндө жана Жалалабат, Ош облустарынын тоо этектеринде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүк гүлдөп аткан мөмөлүү дарактарга коркунуч туудурушу ыктымал.

19-мартта Кыргызстанда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, ал эми күндүз айрым жерлерде жамгыр жаайт. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙДӨ түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -3... +2 градус, күндүз +4...+9 градус.
ЖАЛАЛАБАТ, БАТКЕН, ОШ аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13 градус.
ЫСЫККӨЛ ойдуңу боюнча абанын температурасы түнкүсүн -3...+2 градус, күндүз +1...+6 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында таңга маал жана түнкүсүн жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...+2, күндүз +6...+8 градус жылуу болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG