Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

18-мартта Каракол шаарында митинг өттү


КАРАКОЛ. Ырасмий бийликтин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча митингге беш миңден ашуун адам катышты. Митингдин катышуучулары «Караколдуктар тынчтыкты жана биримдикти каалайт», «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз», «Эр ынтымагы эгиз, эл ынтымагы деңиз», «Аскар Акаевдин «таза Кыргызстан» программасын колдойбуз», «Биз оппозицияга каршыбыз» деген жана башка ураандар менен чыгышты. Каракол шаар мэринин милдетин аткаруучу Асылгүл Абдурехменованын айтымында, митингге эл өздөрүнүн ыктыяры менен чыкты. Мында айрыкча студенттер өздөрүнүн саясий активдүүлүгүн көрсөтө алды. Митингге чыгып сүйлөгөн эмгектин жана согуштун ардагери Абдыганы Жумабаев, уйгур диаспорасынын төрагасы Сайфулла Абдуллаев парламенттик шайлоонун адилеттүү, ачык-айкын, таза өткөндүгүн белгилеп, бул шайлоону жокко чыгаруу аракетин көргөн бир ууч оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды кескин сынга алышты. Митингдин катышуучулары Кыргызстандын калкына өлкөнүн тынчтыгын сактоо боюнча кайрылуу кабыл алышты. Ал эми Каракол «Бирлик» жарандык коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Канымет Жакыпбектегин бул күнкү митингдин бийлик тарабынан өткөрүлгөндүгүн жана эл менен оппозициянын ортосуна чагым салуу максатын көздөгөндүгүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG